Жарандык активист Тилекмат Куреновго издөө жарыяланды

Жарандык активист Тилекмат Куреновго издөө жарыяланды. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине ИИМден тастыкташты.

Ал эми жарандык активист өзү «Көөдөн жарылып, көкүрөктөн чыккан комментарий. Жакында муз ордунан жылат» деген пост жазды.

Ал буга чейин өлкөдөн чыгып кеткенин билдирген. Бирок өткөн жылдын 26-октябрында Кыргызстанга келгенин айткан.