Жарандык активист Адилет Али Мыктыбек кармалды (видео)

Жарандык активист Адилет Али Мыктыбектин Биринчи Май РИИБдин кызматкерлери тарабынан кармалганы маалымдалууда.

Активист соцтармактагы баракчасында түз эфирге кирген учурда, аны эки жаран кармап кеткендиги тартылган. «Өзүңүздү тааныштырыңыз» деген учурда, «Биринчи Май РИИБ» деп, кагазын көрсөткөн эки жаран аны кармап кеткени көрсөтүлөт.

Маалыматтарга караганда, ал ККМ аппараттарына каршы митингге бара жаткан. Учурда активисттин өзү менен байланышуу мүмкүн болгон жок. Ал эми милиция маалымат  бере элек.