«Жардам сурап кыйкырып…» Караколдо 38 жаштагы киши өз үйүндө өлтүрүлдү

Каракол шаарында 38 жаштагы кишини бычактап кетишкен. Шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

11-май күнү кечки саат 21:30 чамасында милицияга Күчүков көчөсүндө жайгашкан үйдөн адамдын жардам сурап кыйкырган үнү угулуп жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Ал жерге барган кызматкерлер аталган үйдүн терезесинен эки жаран секирип, милиция кызматкерлеринен качууга аракет көрүшкөнүн байкап калышат. Милиция кызматкерлери алардын аркасынан түшүп, качып кеткендердин бирин кармап, Каракол ШИИБдин тергөө кызматына өткөрүп беришкен. Анын аты-жөнүн тактоодо ал Чүй облусунун Сокулук районунун 28 жаштагы тургуну болуп чыккан. Ал эми коңшулар тарабынан чакырылган Тез жардам кызматынын дарыгерлери үйдүн ичинен үй ээсин, 38 жаштагы жаранды денесинен көптөгөн жаракаттар жана бычактан алган жаракаттары менен табышып, аны ооруканага алып келишет. Көп узабай жабырланган адам Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө каза болгон.

Аталган окуя Каракол ШИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон. Көп өтпөй экинчи качып кеткен жаран аныкталып, колго түшүрүлгөн. Ал Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылынын 33 жаштагы тургуну болуп чыккан.

Алдын ала сурак учурунда, кылмышка шектүү катары кармалган жарандар күнөөсүн толугу менен мойнуна алышкан. Алардын айтымында, ошол күнү спирт ичимдигин ичип отурушкан. Анда жабырлануучуга көптөн бери таарынычын эстеп, анын үйүнө барып, сүйлөшүнүү сунушташкан. Анын үйүнө келишип, маркумду чакырышат. Үй ээси сыртка чыкканда, аны таяк менен эсин оодара чабышат. Кийин аны үйүнө киргизип, бир нече жолу бычак менен денесине залал келтиришет. Шаардык соттун чечими менен шектүүлөргө карата 2 айга камакка алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды.