«Жардыруу болот». Бишкектеги соода борбордо бомба коюлганын айткан шектүү кармалды

Кечээ, 5-май күнү саат 19:30 чамасында милициянын «102» кызматына «Азия Молл» соода борборуна бомба коюлганы тууралуу билдирүү түшкөн. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

Аталган факты боюнча  Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренеси (терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү) менен кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 1994-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ал эми милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгында, аймакта жардыргыч заттар аныкталган эмес.