«Жарык берүүчү белгилер жок». Новопавловкада 1 жерде 4 жол кырсыгы катталды (видео)

18-июнга караган түнү Новопавловка айылында жарык белгилери жок болгондуктан, бир түндө 4 жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу жарандык активист Эртай Искаков социалдык баракчасына чыгарган.

«Новопавловка айылында айдоочулар жүргөн бөлүккө атайын бетондон блокторду коюп коюшкан. Бир дагы жарык берген элементтери бар белгилер коюлган эмес. Жалпы 4 жол кырсыгы катталды. Биринчи унаа жол кырсыгынан кийин кетип калды. Экинчи жол кырсыгы саат 21-22лерде болгон. Ошол боюнча ал жайды калтырып коюшкан. Бир нече сааттан кийин 3-жол кырсыгы болгон жана биздин көз алдыбызда 4-кырсык катталды. 

Бул жерде жолду көзөмөлдөөчү кызмат, ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери, айылдын акими да иштебейт. Эми унаалардын баарын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги калыбына келтирип бериш керек», — деп билдирген жарандык активист.