«Жасалма аттестат алган». Тоңдо айылдык кеңештин депутатына кылмыш иши козголду

Тоң районунун Болот Мамбетов айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутатына карата Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин 2-бөлүгүндө (атайылап жасалма расмий документти пайдалануу) каралган кылмышты жасоого шектүү катары кылмыш ишин козголду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, ал айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү тартибин алдын ала билип туруп, 2020-жылы Тоң районунун Төрт-Күл айылындагы Б.Мамбетов атындагы орто мектеп тарабынан берилген № 038000 орто билими тууралуу жасалма аттестатка ээ болгондугу аныкталган, ал бул документти 2021-жылдын январь айында жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер болуп катталып жатканда колдонгон.

Мындан улам, толук орто билими жок жаран Тоң районунун аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан талапкер катары мыйзамсыз катталып, кийин Болот Мамбетов айылдык кеңешинин депутаты болуп шайланган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.