Жасалма диплом чуусу. 40 кызматкер иштен кетип, 2 жергиликтүү кеңештин депутаты мандатын тапшырды

Кечээ, 5-апрелде УКМК мамлекет башчысынын тапшырмасынын алкагында бардык деңгээлдеги мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кош жарандуулукка жана жасалма диплом колдонууга каршы текшерүүнү улантып жатканы тууралуу маалымат таратты.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер арасында жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин жыйынтыгы менен 40 адам өз каалоосу менен жумуштан кетип, 2 адам жергиликтүү кеңештин депутаттык мандатын тапшырышты. 28 мамлекеттик кызматкер чет өлкөлүк жарандыгы бар-жоктугун текшерүүгө алынды.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 20 кылмыш иши тергелип, 52 материал боюнча тергөөгө чейинки текшерүүлөр, 141 материал боюнча алгачкы текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Текшерүү иш-чаралары бардык деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлерди кош жарандуулуктун болушу жана жасалма дипломдун колдонулушу боюнча текшерүү иштери аяктаганга чейин уланат.

УКМК Кыргыз жарандарынын ичинен мамлекеттик кызматкерлерди терс кесепеттерге жол бербөө максатында, пайдаланылышы мүмкүн болгон жасалма дипломдорду жана билими тууралуу документтерди өз демилгеси менен жана ээлеген кызмат ордун ыктыярдуу түрдө бошотуп берүүгө чакырат.