Жасалма паспорт колдонууга шектелип кармалган Кылычбек Саркарбаев үй камагына чыгарылды

Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин мурунку төрагасы Кылычбек Саркарбаев кечээ, 16-январда үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Ош облустук сотунан билдиришти.

Саркарбаев 16-декабрда кылмышты жашыруу же анын жасалышына көмөктөшүү максатында документтерди жасалмалоо боюнча шектелип, УКМК тарабынан кармалган. Ошондой эле анын “Женго” каймана аты менен таанылган кримавторитет Кадыр Досонов менен тыгыз мамиледе болгондугу аныкталганы маалымдалган болчу. Ош шаардык соту Кылычбек Саркарбаевди 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган эле. 23-декабрда Кылычбек Саркарбаев Ош мэриясынын дене тарбия жана спорт комитетинин жетекчиси кызматынан бошотулган болчу.