Жасалма ПЦР-тесттерди жасап сатууга шектелген жаран кармалды

Жасалма ПЦР-тесттерди даярдоо каналынын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Кыргызстандын жана чет мамлекеттердин диагностикалык лабораторияларынын QR-коддору менен коронавируска ПЦР-тесттин терс жыйынтыгы тууралуу жасалма электрондук сертификаттарды даярдоо жана таратуу боюнча мыйзамсыз канал аныкталды.

Бул мыйзамсыз схеманын негизги катышуучуларынын бири катары Кыргыз Республикасынын жараны аныкталып, кармалды. Анын смартфонун текшерүүдө мекендик жана чет элдик диагностикалык лабораториялардын белгилүү тармактарынын 1000ден ашык жасалма электрондук сертификаттары табылган. Чогултулган материалдар кармалган жаран менен бирге андан аркы процессуалдык аракеттерди көрүү үчүн ички иштер органдарына өткөрүп берилди. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин органдары диагностикалык лабораториялардын кызматкерлеринин өздөрүнүн кылмыштуу аракеттерге катышуусу мүмкүндүгүн текшерүүгө, ошондой эле жасалма ПЦР-тесттерин өндүрүү жана таратуу мыйзамсыз аракеттерге катышкан башка бардык адамдарды аныктоого жана жоопкерчиликке тартууга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларын улантууда.