Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын ыкчам кызматкерлери жана жетекчиси кармалды. Алар жашы жете электерден 2000 доллар пара талап кылууга шектелип камакка алынды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
29-январда Октябрь РИИБдин Жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын ыкчам кызматкерлери Т.У.Ш., Б.А.О., ошондой эле аталган инспекциянын башчысы Ч.Т.Т. кармалды.
Маалыматка ылайык, алар жасалма негизде кылмыш жоопкерчилигине тартуу аркылуу коркутуу менен кыздардан 2000 АКШ доллары өлчөмүндө опузалап пара талап кылышкан. Мындан улам, кармалгандар ЖПКнын 96-беренесине ылайык, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.