Жаш саясатчы Жеңиш Молдокматов камакта калтырылды

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда 2020-жылдын октябрь айындагы башаламандык боюнча соттук угуу уланууда. 

Сотто адвокат Кантемир Турдалиев «Туран» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматовдун баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен кайрылды. Бирок судья тергөө иши бүткөнгө чейин саясатчыны камакта калтырды.