Жаш саясатчы Жеңиш Молдокматов үй камагына чыкты (видео)

«Туран» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Бишкек шаардык сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, ал 18-февралга чейин үй камагында болот.

Жеңиш Молдокматов 6-майда Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси («Имараттарды жана курулмаларды басып алуу») боюнча кылмышка шектелип кармалган. Кийин ага «массалык баш аламандыктарды уюштуруу» беренеси боюнча да айып тагылган. Кийинчерээк ага дагы үч — «Бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү же коркутуу», «Бийликти күч менен басып алуу», «Ок атуучу куралды тартып алуу же уурдоо» беренелери менен айып тагылган.