Жаш саясатчы Жеңиш Молдокматовго дагы үч айып тагылды

Жаш саясатчы, «Туран» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматовго дагы үч айып тагылды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, «Бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү же коркутуу», «Бийликти күч менен басып алуу», «Ок атуучу куралды тартып алуу же уурдоо» беренелери менен айып тагылган. Ал буга чейин «Массалык башаламандык уюштуруу» беренеси менен шектелип жаткан эле.