«Жашоо менен коштошосуң». Ошто өспүрүмдөн ай сайын акча талап кылган шектүүлөр кармалды

Теңтуш баладан опузалап акча талап кылышкан эки өспүрүм кармалды. Алар 2009-жылы туулган өспүрүмдөн ай сайын акча берип турууну талап кылышкан. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

26-июль күнү Ош шаарынын 40 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, уулуна белгисиз жарандар телефон аркылуу байланышып, телефон жан Инстаграм баракчасы аркылуу коркутушуп, өмүрүнө коркунуч келтиришип, опузалашып, 30 миң сом акча талап кылып жаткандыгын билдирген. Бул факты боюнча 26-июлда Кылмыш жаза кодексинин 208-беренесинде (опузалап талап кылуу) каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары Ош шаарынын 2008-жылы туулган тургуну жана Кара-Суу районунун Кызыл-Суу айылынын 2008-жылы туулган тургуну аныкталган. Алар буга чейин дагы жабырлануучунун телефонун тартып алган.

Жабырлануучу коркуп арызданбагандыктан, 30 миң сом акча талап кыла башташкан. Жабырлануучуга ай сайын акча берип турууну милдеттендиришип, бербесе жашоо менен кош айтышарын айтып, коркутушкан. 29-июль күнү Ош ШИИБнын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн, ыкчам тергөө тобунун кызматкерлери тарабынан талап кылган 30 миң сом акчанын 20 миң сомун алып бара жаткан учурда Ош шаарынын тургуну кармалды. Тинтүү учурунда жанынан кастет жана жабырлануучу берген 20 миң сом чыккан. Ошол эле күнү, тоноо фактысы боюнча шериги кармалган. Экөө тең 9-классты аяктаган соң окууну улантышкан эмес.