Жашы жете элек балдарга “Хизб-ут-Тахрир” уюмунун идеологиясын үйрөткөн жаран кармалды

Жашы жете элек балдарга “Хизб-ут-Тахрир” уюмунун идеологиясын үйрөткөн “Хизб-ут-Тахрир” диний экстремисттик тобунуну активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Кечээ, 6-декабрда УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 315-беренесинин 1-бөлүмүндө (экстремисттик материалдарды даярдоо жана таратуу) боюнча каралган кылмыштын негизинде катталган сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын алкагында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун тергөө судьясынын санкциясынын негизинде, Кыргызстанда тыюу салынган “Хизб-ут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрүнүн жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлдү. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында “Хизб-ут-Тахрирдин» иерархиясы боюнча «Масула» болуп саналган, “Хизб-ут-Тахрир” уюмунун медиа канатынын активдүү кызматкери, 1997-жылы туулган жарандын жашаган жеринде көп сандагы диний адабияттар, конспекттер, электрондук китептер, 9 уюлдук телефондор табылып алынды.

Дагы бир 1994-жылы туулган жарандын жашаган жана иштеген жеринде 1 ноутбук, 4 флешка, теократиялык мамлекеттин Конституциясынын долбоору жазылган “Хизб-ут-Тахрир” басмасынын 1 брошюрасы, 1 күндөлүк табылып алынган. Иликтөө маалында батирде Кыргыз Республикасынын ар кайсы аймактарынан 10 жаштан 17 жашка чейинки 7 өспүрүм балдар болгон, алардын көбү эмгек мигранттарынын балдары экендиги аныкталды. “Хизб-ут-Тахрир” ДЭУнун идеологиясын окутуу мобилдик тиркемелерди жана смартфондорду колдонуу менен жүргүзүлгөн. “Хизб-ут-Тахрир” уюмунун “Ислам мамлекети”, “Ислам системасы”, “Партиянын биримдиги”, “Исламдагы башкаруу системасы”, “Ислам дининин түзүлүшү”, “Хизб-ут-Тахрирдин концепциясы”, “Исламдагы экономикалык түзүм”, “Исламдагы коомдук түзүм”, “Исламдык нафсия негиздери” деген аталыштар менен электрондук китептери жаш балдардын уюлдук аппараттарында таркатылган.

Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен жаран УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, жашы жете элек балдар ыйгарым укуктуу камкордук жана көзөмөлчүлүк органынын өкүлдөрүнүн катышуусунда текшерүү иш-чараларынан кийин мыйзамдуу өкүлдөрүнө жана жакын туугандарына өткөрүлүп берилди. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш боюнча тергөө иштери уланууда.