Жашы жете элек кызды уурдоо фактысы боюнча кылмыш иши козголду

15-август күнү Жалал-Абад ШИИБне А.И. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ушул эле күнү саат 11:00 чамасында 2015-жылы туулган А.Э. аттуу кызы өзү жашап жаткан үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгын билдирген. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Аталган маалымат Тергөө кызматы тарабынан катоого алынып, тергөө чейинки териштирүү иштери башталган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.