Жатаканада асынган абалда табылган кыз. Апасы «кызым турмушка чыгам деп жүргөн» дейт

Ушул жылдын 29-ноябрь күнү Бишкектеги университеттердин биринин жатаканасында 2005-жылы туулган кыз асынган абалда табылган. Маркум Алтынай Канатбекованын апасы “Кызым кантип керебетке асынып алсын, анын өз өмүрүнө кол салганына ишенбейм” дейт. Ал эми бул окуя боюнча жатакананын кызматкерлери эмне дейт? Сөөктү биринчилерден болуп көргөн күбөчү? SuperTV каналы 17 жашында өмүрдөн кеткен Алтынайдын өлүмү боюнча бир канча тараптын пикирин угуп көрдүк.

«Кызым 9-классты бүтүп, ушул жакка тапшырган. Жатаканада жашап, окучу. 28-ноябрда кызым экөөбүз жолукканбыз. Экөөбүз кафеге отуруп, тамактандык. «Апа, турмушка чыккан жатам, көлгө» деди. Күлүп-жайнап сүйлөшүп, мени узаткан. 29-ноябрда таңкы саат 5те жатаканадагы кыздар чалып, кызымдын каза болуп калганын айтышты. Мен келсем, кызымды чечип, жаткырып коюшуптур. 30-ноябрда жерге бердик. Мен жатаканага келип, толук маалымат ала алган жокмун», — деди апасы.