Жатаканада асынган абалда табылган кыз. Апасы «кызымдын колу-буту байланган экен» дейт

Ушул жылдын 29-ноябрь күнү Бишкектеги университеттердин биринин жатаканасында 2005-жылы туулган кыз асынган абалда табылган. Маркум Алтынай Канатбекованын апасы “Кызым кантип керебетке асынып алсын, анын өз өмүрүнө кол салганына ишенбейм” дейт. Ал эми бул окуя боюнча жатакананын кызматкерлери эмне дейт? Сөөктү биринчилерден болуп көргөн күбөчү? SuperTV каналы 17 жашында өмүрдөн кеткен Алтынайдын өлүмү боюнча бир канча тараптын пикирин угуп көрдүк.

«Кызым өзүнүн бөлмөсүндө керебетте колу-буту байланган абалда экен. Бутун узарткыч (удлинитель), колун телефондун кубаттагычы менен байлашыптыр. Жатаканада балдар асылган кызымды чечкенден кийин милиция келип жатат. Жанындагы кыз «мен келатканда терезе ачык экен» деди. Ал эми дагы бир жанындагы кыз терезе жабык болчу деп жатат. Сөздөрү эки бөлөк чыгууда», — деди апасы.