Жатаканада асынган абалда табылган кыздын эжеси: «Курбусу «Алтынай каза болуп калды» деп чалды»

Ушул жылдын 29-ноябрь күнү Бишкектеги университеттердин биринин жатаканасында 2005-жылы туулган кыз асынган абалда табылган. Маркум Алтынай Канатбекованын апасы “Кызым кантип керебетке асынып алсын, анын өз өмүрүнө кол салганына ишенбейм” дейт. Ал эми бул окуя боюнча жатакананын кызматкерлери эмне дейт? Сөөктү биринчилерден болуп көргөн күбөчү? SuperTV каналы 17 жашында өмүрдөн кеткен Алтынайдын өлүмү боюнча бир канча тараптын пикирин угуп көрдүк.

«Мага курбу кызы чалып, «Алтынай каза болуп калды» деди. Мен түш көрүп жатам го дедим да, телефонумду өчүрүп салдым. Кайра чалып, сурадым. Каза болгонун айтышты. Мен жатаканага келсем ыйлап отурушуптур. Издеп кирсем эле бир бөлмөдө оозу көгөргөн, тилин тиштеген абалда жатыптыр. 9дарда алып чыктык», — деди эжеси.