Жаза өтөөдөн качып, жашырынып жүргөн жаран кармалды

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери жаза өтөөдөн качуу максатында жашырынып жүргөн мурда соттолгон жаранды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте 1985-жылы туулган жаран кармалды. Ал Жалал-Абад облусунун тургуну. 2016-жылы айдап качуу, адамды уурдоо жана опузалап талап кылуу боюнча соттолуп, катуу режимдеги түзөтүү абагында жазасын өтөп жаткан. Бирок 2019-жылдын июль айында Ысык-Ата райондук сотунун токтому боюнча жаран Ново-Покровка айылында жайгашкан №3 мекемесинен 2 жыл 6 айга мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө жазасын өтөө үчүн бошотулган. Андан соң аны жашаган жери боюнча каттоого Чаткал району боюнча Пробация органына жөнөтүшкөн.

2020-жылдын январь айында Чүй облустук сотунун аныктоосу менен биринчи инстанциядагы соттун мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө жазасын өтөө боюнча токтому жокко чыгарылган. ИИМдин маалыматы боюнча жаран жаза өтөөдөн качуу максатында жашырынып жүргөн. Мындан ары жаза мөөнөтүн өтөө үчүн ал ЖАМКтын имаратына жеткирилди. Кармалган жаран  ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турат.