Жазаларды аткаруу кызматы акын Аскат Жетиген уулу кыйноого кабылбаганын билдиришти

Жазаларды аткаруу кызматы акын Аскат Жетиген уулу Бишкектин тергөө абагында (СИЗО-1) кыйноого кабылбаганын маалымдады.

“Маектешүү учурунда айыпталуучу Бишкектин тергөө абагында кармалып турган мезгилде ага карата күч колдонуу жана кыйноо чаралары колдонулбагандыгы жөнүндө оозеки жана жазуу жүзүндө түшүндүрмө берди. Анын жеке коопсуздугу жана ден соолугу боюнча кооптонуусу жок. Ошондой эле камактагыларга жана СИЗО-1дин кызматкерлерине эч кандай дооматы жок экендигин билдирди”, — деп жазылат маалыматта.

Кечээ, 23-майда «Азаттык» радиосу Аскат Жетиген уулу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин шаардык бөлүмүндө кыйноого кабылганын сотто көрсөтмө берип жатып билдиргенин жарыялаган. Ал «20-марттагы соттун чечиминен кийин укук коргоо органдары мени УКМКнын шаардык бөлүмүндө, мекеменин жер төлөсүндө бир саатка жакын ток менен кыйнашкан, башыма баштык кийгизип, сабашкан» деген.

Улуттук коопсуздук комитети өзүнө караштуу мекемеде акындын кыйноого кабылганы тууралуу маалыматтар боюнча үн ката элек.