Жазы-Кечүү жайлоосунда чагылган тийип өлгөн 200дөн ашуун кой. Баары көмүлдү

8-июль күнү ӨКМдин Тоң району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкери, Тоң районунун Жарандык коргонуу комиссиясы менен биргеликте Кажы-Саз айылынын Жазы-Кечүү жайлоосуна түшкөн чагылгандын кесепеттерин тактоо иштери жүргүзүлдү.
Анда комиссия тарабынан чагылгандын кесепетинен 149 баш кой, 71 баш козу жана 7 эчки болуп жалпы 227 баш мал чыгым болгондугу такталып, ветеринардык-санитардык эрежеге ылайык көмүлдү. Чагылгандын кесепетинен адам өмүрүнө кооптуулук жаралган эмес.
7-июлда саат 17:00 чамасында Тоң районунун Күн-Чыгыш айыл аймагынын Кажы-Саз айылынын Жазы-Кечүү жайлоосундагы малдарга чагылган тийип өлгөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.