Жазы-Кечүү жайлоосунда чагылгандан 250 баш кой өлдү

Кечээ, 7-июлда саат 17:00 чамасында Тоң районунун Күн-Чыгыш айыл аймагынын Кажы-Саз айылынын Жазы-Кечүү жайлоосунда алдын ала маалымат боюнча болжол менен 250 баш койго чагылган тийип өлгөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.
Жеринде тактоо иштерин жүргүзүүгѳ Жарандык коргонуу комиссиясы жана Тоң райондук ƟКБдан ыкчам топ тартылган. Учурда тактоо иштери жүрүүдө.