Сооронбай Жээнбековдун оң колу Алмамбет Салиевдин бөгөт чарасы каралып, өзгөртүлдү. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Бишкек шаардык сотунан билдиришти.
Маалыматка караганда, анын баш коргоо чарасы бүгүн, 2-декабрда каралган жана ал эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулган.
Алмамбет Салиев 17-июнда мыйзамсыз баюуга шектелип кармалган. УКМК ал президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болуп турганда, ошондой эле экс-президенттин артыкчылыгынан пайдаланып, мамлекеттик структураларга зыян келтирген жеке структуралардын кызыкчылыктарын лобби кылган укук коргоо жана мамлекеттик органдардын, сот системасынын ишине активдүү кийлигишкенин маалымдаган.