Жээнбековдун оң колу Алмамбет Салиев камакта калтырылды

Мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун оң колу Алмамбет Салиев камакта калтырылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, ал Кылмыш жаза кодексинин 337-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен айыпталып жатат. Ал 4-ноябрга чейин камакта болот.

Алмамбет Салиев 2021-жылы да кармалган.