Жээнбековдун оң колу Алмамбет Салиевдин иши боюнча тергөө аяктап, материалдар сотко жөнөтүлөт

Сооронбай Жээнбековдун оң колу Алмамбет Салиевдин иши боюнча тергөө аяктап, жакынкы аралыкта материалдар сотко жөнөтүлөт. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Тергөөнүн жүрүшүндө Алманбет Салиевдин өлкөнүн мамлекеттик органдарында ар кандай кызматтарды ээлеп, анын ичинде президенттин администрациясынын башчысынын орун басары болуп турган кезде, ар кандай кымбат баалуу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө ээ болуп, аны туугандарынын атына жана жакын адамдарына каттаганы маалым болгон. Мүлктөрү 70 миллион сомдон ашык бааны түзгөн, бул анын расмий кирешесинен кыйла жогору.

«Мындан тышкары, тергөө учурунда Салиевдин өлкөнүн президентинин администрациясынын жетекчисинин орун басары болуп турган кезде коррупциялык көрүнүштөргө тиешеси бар экендиги жана пайда көрүү үчүн укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө кийлигишкени тууралуу маалыматтарды текшерүүгө багытталган тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө. Бул кылмыш иши боюнча тергөө акыркы стадияда турат жана жакынкы аралыкта аяктап, материалдар негизи боюнча кароо үчүн сот органдарына жөнөтүлөт», — деп айтылат маалыматта.