Менчик клиникадан липосакция операциясын жасаткан аялдын Улуттук госпиталда көз жумушу. Кылмыш иши козголду

Менчик клиникадан липосакция операциясын жасаткан аялдын Улуттук госпиталда көз жумушу боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Биринчи Май РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, факты боюнча Жазык кодексинин 146-беренеси (медициналык же фармацевтика кызматкеринин кесиптик милдеттерин талаптагыдай эмес аткаруусу) менен кылмыш иши козголгон. 

Буга чейин Улуттук госпиталда аял каза болгону, ал менчик клиникадан оор абалда №2 анестезиология жана реанимация бөлүмүнө жеткирилгени маалым болгон.