Ош боюнча «положенец», Женго деген каймана аттуу кримтөбөлгө издөө жарыяланды

Женго деген каймана аттуу кримтөбөл — Кадырбек Досоновго издөө жарыяланды. Тергөөнүн версиясы боюнча ал оор кылмышка шектелип жатат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен маалымат таратышты.

«Досоновдун менчик мүлккө карата оор кылмыш жасаганы аныкталды. 28-ноябрда Ош шаардык соту аны сыртынан камакка алуу чечимин чыгарып, издөө жарыяланды», — деп жазылат маалыматта.

Буга чейин Досонов милициянын полковниги Толкунбек Шоноевди өлтүрүүгө айыпталып кармалып, кийин соттун чечими менен бул иш боюнча акталып бошотулган эле.

Кадырбек Досонов 1971-жылы 18-ноябрда Өзгөн районунда туулган. Ал Ош шаары жана Ош облусу боюнча «положенец» экендиги айтылып келет. Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, Досонов ар кандай оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн бир канча жолу соттолгон. Ички иштер министрлигинин каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары турат.