Эл аралык баңгизат каналына тиешеси бар Кадыр Досоновго таандык уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМК тарабынан баңгизат каналын аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Досоновго таандык уюшкан кылмыштуу топтун үч активдүү мүчөсү эл аралык баңги каналына катышуусу бар деп кармалды. 21-майда Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун үч мүчөсү Тажикстан-Кыргызстан-Өзбекстан багытында эл аралык баңги каналына катышуусу бар деп УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.
Ош облусунун тургундары тарабынан жогоруда аталган каттам боюнча эл аралык баңги каналын түзүшкөнү аныкталган. 21-майда УКМК кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чаралардын негизинде текшерүү жүргүзүлүп, «Азия Ойл» май куюучу жайынын аймагынан Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү автоунаанын жанынан сары скотч менен оролгон, өзгөчө жыты бар жалпы салмагы 1 килограмм 980 граммды түзгөн табылган. Учурда кармалгандар Баткен шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилип, баңги каналынын башка катышуучуларын аныктоого багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын тиешелүү комплекси жүргүзүлүүдө.