Жеңил унаанын тамтыгы чыгып калган. Айланма жолдо катталган жол кырсыктын видеосу тарады

Бүгүн, 26-январда Кант шаарынын аймагындагы Айланма жолдо жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү  билдирип, сүрөт, видеолор менен бөлүшүштү.

Маалыматка караганда, каза болгондор жана жаракат алгандар бар. Милиция азырынча маалымат бере элек.