Жеңиш чокусунда калган альпинист боюнча ИИМ текшерүүнү баштады

Жеңиш чокусундагы окуя боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иши жүрүп жатат. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы Орусиянын жараны Наталья Ноговицина учураган өзгөчө кырдаалдагы кырсык боюнча тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүүдө.

Маалыматка ылайык, 12-августтан бери альпинист 7100 метр бийиктиктеги Жеңиш чокусунда бутунан жаракат алган бойдон ошол жерде калууда. Ошондой эле, бир нече булактар анын каза болгону мүмкүн экендигин билдиришүүдө.

Бул факты боюнча материал Ички иштер министрлигинин “Маалыматтарды каттоо журналы” автоматташтырылган маалыматтык тутумуна катталган. Тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында чокуга чыгууну ишке ашырган туристтик компанияга юридикалык баа берилет.