Жер жайнаган акча… 400 миң доллар алган укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин тобу аныкталды

Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринен турган кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин арасында коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюуга багытталган иш-чараларды ишке ашыруунун жүрүшүндө, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин атын жамынып, Кыргыз жаранына кылмыш жоопкерчилигинен бошотууга көмөк көрсөтүүнү убада кылып, андан 400 миң доллар өлчөмүндө акча каражатын алышкан укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин тобу аныкталды. Аталган факты боюнча Аскердик прокуратурасы тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

24-июль күнү кылмыш ишинин алкагында шектүү кармалып, ага опузалап пара талап кылууга жана пара алууга катышкандыгы боюнча айып тагылган. Мындан тышкары, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында бул кылмышка УКМКнын мурдагы кызматкеринин катыштыгы аныкталып, ал 130 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражатын кайтарып берүү учурунда кармалып, тиешелүү айыптар тагылды.