Жер жана суу транспорт департаментинин башкы инспектору кармалды

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы жер жана суу транспорт департаментинин башкы инспектору кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен “Жаңы-Арык” транспорттук көзөмөл постунун башкы инспектору кармалды. Тактап айтканда, үстүбүздөгү жылдын июль айында салмак-габариттик көзөмөлдүн башкы инспектору айдоочуларга айып төлөөдөн качууга көмөк көрсөтүү жана УКМК тарабынан мындан ары кылмыш ишин козгоодон баш тарттыруу үчүн Мамкомитеттин кызматкерине 200 миң сом пара сунуштаган.

Бул факты боюнча УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (пара берүү) боюнча кылмыш иши козголду. 20-июлда УКМК кызматкерлери тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында 200 миң сом өлчөмүндө ири суммадагы параны которуп жаткан жеринен Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы жер жана суу транспорт департаментинин транспорттук көзөмөл кызматынын башкы инспектору кармалды. Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жатат.