Жер ресурстары боюнча агенттиктин директору кармалды

????????????????????????????????????

УКМК мыйзамсыз акча чогултуу фактысы боюнча Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директорун кармап, камакка алды. Аталган агенттикти Каныбек Ботобаев 2019-жылдын сентябрь айынан бери жетектейт.

Буга чейин Жер ресурстары боюнча агенттикке караган “Кадастр” ишканасынын башчысы Абдымуктар Маматов кармалган эле. Анда Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан мекеменин аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилеринен мыйзамсыз акча чогултуу боюнча коррупциялык схема аныкталган. Тергөөдө буга директордун катышы бар экени билинип, шектүү тергөө абагына киргизилген эле.