Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин кызматкери кармалды

УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында 2 миң доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Э.К.А. аттуу кызматкери кармалды.
Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, Э.К.А. өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, О.Э.Ж. аттуу Кыргыз жаранынан камакка алынган жана кайра каттоодон баш тартылган турак жай комплекстеринин бириндеги эки унаа токтотуучу жайды кайра каттаткандыгы үчүн 3 миң долларды опузалап талап кылгандыгы аныкталды. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 5-июлда Кадастр мекемесинин кызматкери Э.К.А. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.