Жер тилке берем деп 2 айылдашын алдап кетүүгө шектүү кармалды

Эки айылдашын алдап кеткен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери алдамчылыкка шектелген жаранды кармашты. Ал жер тилкелерин убадалап, Кара-Суу районунун жашоочуларын алдап кеткен.

Жабырлануучунун сөзү боюнча, өткөн жылы чала тааныш адам “жер тилкесин берем” деп, андан 250 миң сом алган. Андан соң шектүү убадасын аткарбай, жерди же акчасын кайтарып берген эмес. Ушундай арыз менен милицияга дагы бир аял киши кайрылган. Анын сөзү боюнча шектүү андан жер тилкеси үчүн 180 миң сом акчасын алган.

14-ноябрда кылмыш ишинин алкагында  ыкчам-тергөө иш-чараларын ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча кызматкерлери жүргүзүшкөн. Шектүү Кара-Суу районунун жашоочусу 1983-жылы туулган Бишкек шаарынын аймагынан кармалган. Алынган маалыматтар боюнча кармалган жаран мурда бир нече жолу соттолгон жана криминалдык чөйрөдө статуска ээ.