Жер тилке сатабыз деп, 205 миң доллар алып… Бишкекте өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылыкка шектелгендер кармалды

16-майда милицияга К.М. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда Г. жана З. аттуу жарандар 16-апрелде ишенимге кирип, Матросов көчөсүндөгү жер тилкесин сатып беребиз деп шылтоолоп, алдоо жолу менен 205 миң долларын ээлеп алышкан. Ошондон кийин алар убадасын аткарбай, изин жашырып кетишкен.

Аталган факты Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү (Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон. Иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 1989-жылы туулган Б.Г., 1973-жылы туулган Д.З. жана 1960-жылы туулган О.Н., мурда ушул сыяктуу кылмыш иштери боюнча бир нече жолу соттолгон жарандар аныкталып, кармалышкан. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Козголгон кылмыш ишинин алкагында милиция кызматкерлери айрым жагдайларды тактап, тактап айтканда, шектүүлөр жер тилкеге жасалма ишеним кат жасап, арыз ээсине сатып жиберишкен. Учурда алардын ушул сыяктуу эки кылмышты жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталды.

Кол салгандардын кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккен жана кандайдыр бир маалыматы бар жарандар 0(701) 001-708 же 102 кыска номурларына кайрылга болот.