Жерде жаткан жайнаган акча тартылган видео тарады. Бул боюнча Талас ОИИБ эмне дейт?

Социалдык тармактарга жерде жайылып жаткан акчаларды формачан жарандардын санап жатканы тартылган видео тарап, милиция кызматкерлери Таластагы жеке фонддун кеңсесинде тинтүү жүргүзүштү деп божомолдошкон. Окуянын чоо-жайын билүү үчүн СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Талас ОИИБге кайрылды. Алар төмөнкүлөргө токтолду.

«Талас ШИИБге 4-июнь күнү Талас шаарынын авто бекетинде эл чогулуп жатат деген маалымат түшкөн. Аталган дарекке тергөө ыкчам тобу барган. Ыкчам топ Талас шаарынын автовокзалынын ичиндеги имаратта коомдук өнүктүрүү багытындагы фонд ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткандыгын аныкташкан. Анын өкүлү Талас району Ташарык айылынын 1984-жылы туулган тургуну экендиги аныкталган. Ал өзүнүн наамына Талас облусу боюнча юстиция башкармалыгы тарабынан «Ашар касса» жоопкерчилиги чектелген коомун ачып, кийинчирээк «Эл биримдиги» аттуу өнүктүрүү фонд жоопкерчилиги чектелген коомуна өзгөрткөн. Аталган факты боюнча фонддун өкүлү ШИИБге алып келинип, түшүнүктөр алынган.

Талас ОИИБнин жетекчилиги ал фактыга тийиштиги бар деген маалымат чындыкка дал келбейт. Милиция кызматкерлери  мыйзамга ылайык иш алып барат жана жарандардын укуктарын коргоого күч аракеттерин жумшайт. Учурда аталган факты боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.