«Жерде жаткан жаранды сабап жатат» деген видеодон кийин 4 жигит кармалды

«Бишкекте жерде жаткан адамды сабап жатат» деген билдирүүдөн кийин 4 жигит кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.

28-декабрда саат 01:48 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына Тыналиев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринин алдында жерде жаткан адамды сабап жаткандар тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факты каттоого алынып, жерине милиция барган.

Кылмышка шектүү катары 1999-жылы туулган 4 жаран кармалган. Алар мас абалында болушкан. Аларга майда бейбаштык беренеси менен протокол толтурулуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.