«Жерде жатышат». Токтогул РИИБдин убактылуу кармоочу жайына кармалгандардын укугун бузуу аныкталган

Кыргызстандагы кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борборунун өкүлдөрү 27-июлда Токтогул РИИБдин убактылуу кармоочу жайына пландан тышкары профилактикалык иш сапары менен барышкан. Текшерүүнүн жыйынтыгында адистер кармалгандардын укугунун бузулушу боюнча бир нече фактыларды аныкташты. Бул тууралуу аталган борбордун басма сөз кызматынан билдиришти.

«Токтогул райондук соту кармалгандардын баш коргоо чарасын камакка алуу түрүндө кабыл алганы аныкталган, андан кийин алар Ош шаарындагы №5 тергөө абагына которулушу керек болчу. Бирок алар убактылуу кармоочу жайда 48 сааттан ашык, ал тургай айына 10 күндөн ашык убакытка  чейин камакта кармашкан. Тактап айтканда, абактын жетекчилиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин «Кылмышка шектүү жана кылмыш жасаган делип айыпталган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө » талаптары аткарылган эмес«,- деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, убактылуу кармоочу жайга түшкөндө адамдар милдеттүү түрдө медициналык кароодон өтүшү керек. Бирок, кармалгандардын өздүк делолорун кароо учурунда эки шектүүнүн медициналык маалымкаты болгон эмес, медициналык справкаларынын бланкалары толтурулган эмес.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 45-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык, “шектүүнү убактылуу кармоочу жайга же тергөө абагына алынып келинген сайын, ошондой эле ал, анын жактоочусу же жакын туугандары орой мамилеге, кыйноого же зомбулукка байланыштуу арыз жазышса, тергөө органдарынын кызматкерлерине карата тиешелүү документ түзүлөт,  ал эми арыз ээси өзү убактылуу кармоочу жайынын администрациясынын көзөмөлү астында милдеттүү түрдө медициналык кароодон өтөт.

Ошондой эле, адистер башка адам укуктарынын бузулгандыгын жана камактагыларга карата адамгерчиликсиз мамилелерди аныкташты. 16 кишиге ылайыкталган убактылуу кармоочу жайында 18 адам кармалган, алардын экөө жерде жатышкан. “Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин убактылуу кармоочу жайларынын ички эрежелери” 2.3-беренесинде “камерада отурган ар бир адам үчүн санитардык зонанын көлөмү 3,25 чарчы метрди түзүшү керек” деп жазылган.

Улуттук борбор жөнүндөгү мыйзамдын 7-беренесине ылайык, Улуттук борбордун кызматкерлери эркиндигинен ажыратылган же кыймылы чектелген адамдарды кыйноолорун жана катаал мамиле  кылууларын териштирүү жана күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу үчүн прокуратурага билдирүүгө милдеттүү.