«Жерди 350 миң долларга сатмак». УКМК «Кадастрдын» кызматкерин кармады

Кара-Суу райондук «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин филиалынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Иштин материалдарында, аталган кызматкер 21-декабрында жасалма документтердин негизинде 0,65 гектар жер тилкесине мамлекеттик күбөлүк каттатып алган. Алынган маалыматка караганда, кылмыштуу топтун мүчөлөрү аталган жер тилкесин чет элдик инвесторлорго 350 миң долларга сатууга аракет кылып, УКМК тарабынан токтотулган.

Учурда кылмыштуу топтун башка мүчөлөрүнө карата тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.