«Жерге жатып калган кызды тепкилеп». Жалал-Абадда мушташкан 2 курбунун видеосу тарады

Социалдык тармакта кыздын дагы бир кызды жерге жатып калгыча сабап, жерге жатып калган соң да бир нече жолу тепкилеген видео тарады. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад ОИИБден бул окуя ушул жылдын 7-май күнү Жалал-Абад шаарында болгонун билдиришти.

Видеотасма боюнча материал Жалал-Абад ШИИБге катталып, милиция тарабынан алдын ала териштирүү жүргүзүлгөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө видеодогу мушташып жаткан кыздардын аты-жөнү аныкталган. 2006 жана 2003-жылы туулган кыздар милицияга жеткирилген. Бирок бул эки кыз жакын курбу болгондуктан, жабырлануучу эч кимге арыз доосу жоктугун билдирип, соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тарткан.