Жергиликтүү кеңештин депутаттары кесиптешине 85 миң сом пара берүүгө аракет кылышкан (видео)

Чүй облусунун райондорунун биринде жергиликтүү кеңештин депутаттары кесиптешине төрагалыкка талапкерлигин койгон жаранга добуш берүү үчүн пара берүүгө аракет кылышкан. Бул тууралуу облустун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, аялга добуш берүү үчүн 85 миң сом сунушталган. Факты РИИБде катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 192-беренеси (добуштарды сатып алуу) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган. Кечээ, 19-майда 700 доллар жана 25 миң 500 сом берип жатканда, укук коргоо кызматкерлери тарабынан жаран кармалган. Ал Чүй облустук ички иштер башкармалыгына жеткирилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.