Бүгүн Жети-Өгүз районунда жүргөн селдин кесепети жоюлду (видео)

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда жүргөн селден унаа жол кум-шагылга толуп, турак үйлөргө суу кирип кеткен. Бул тууралуу ӨКМ маалымдады.
— Такталган маалыматка ылайык, бүгүн, 3-август күнү Жети-Өгүз районунда саат 08:30 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон топтолгон сел суусу Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун 154-чакырымын кум-шагылга толтурган.
Ошондой эле Кичи-Жаргылчак айылындагы 2 үйдүн короосун, сарайын каптап, 1 үйдүн жер төлөсүнө жана сарайына суу кирген.
Жети-Өгүз райондук №36 ӨКБдан 4 куткаруучу жана техникалар тартылып, тазалоо иштери аяктады, унаа жолу эки тараптуу ачылган.