Жети-Өгүз районунун тургуну 1,5 килограмм баңги затын тоокканага катып койгон

Жети-Өгүз районунун 47 жаштагы тургуну баңги затын тоокканага катып койгон. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Тооккананы тинтүү учурунда баштык табылып, анын ичинде жапайы кара куурайдын өзгөчө жыты бар кочкул күрөң түстөгү зат болуп чыккан. Жалпысынан 22 даана пресстелген брикет гашиш баңги заты алынган. Жалпы салмагы 1 килограмм 433 граммды түзгөн. Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.