Жети-Өгүздө 14 жаштагы өспүрүм менен 19 жаштагы жигит көлгө чөгүп, көз жумду

Ысык-Көлдө 14 жаштагы өспүрүм менен 19 жаштагы жигит сууга чөгүп, көз жумду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык Жети-Өгүз районунун аймагындагы Липенка айылынын тушундагы көлдө болгон. Кырсык катталган көл жээгине суучул куткаручуулар тартылган. Алар чөгүп кеткендердин жансыз денесин саат 18:20 чамасында таап, ИИМдин кызматкерлерине жана туугандарына өткөрүп беришкен. Каза болгон 14 жана 19 жаштагы уландар Ырдык айылынын тургундары болгон.