Жети-Өгүздө 9 жашар кыздын зордукталышы. ИИМ башчысы ишти көзөмөлүнө алды

Жети-Өгүз районунда 9 жаштагы кызды зордуктоого шектелгендер кармалып, камакка алынганы маалым болгон. Бул окуя Ички иштер министринин көзөмөлүнө алынып, бардык зарыл болгон тергөө иштерин жүргүзүү тапшырылды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

9-сентябрда Жети-Өгүз РИИБге 9 жаштагы кызды эки киши зордуктаганы тууралуу арыз түшкөн. Факты Жети-Өгүз РИИБде катталып, 154-берене (зордуктоо) менен кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чаралардын жүрүшүндө милициян кызматкерлери тарабынан шектүү адамдар кармалып, алар Жети-Өгүз районунун 2005 жана 1999-жылы туулган жарандары экени маалым болгон.

Жети-Өгүз райондук сотунун чечиминин негизинде алар 2 айга камакка алынды. ИИМдин жетекчилиги мындай фактылар көңүл сыртында калбайт жана күнөөлүүлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык катуу жазага тартылат деп ишендирүүдө.