Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Жеңиш айылында көлгө 2006-жылы туулган эркек бала чөгүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн саат 16:30да Каракол шаардык №15 ӨКБдан 5 куткаруучу, кошумча саат 17:15те Жети-Өгүз райондук №36 ӨКБдан 3 куткаруучу, ИИМден 15 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылып, саат 20:00дө издөө иштери убактылуу токтотулган, натыйжа болгон эмес. Издөө иштери 26-июнь күнү улантылат.