Жети-Өгүз курортундагы Көк-Жайык жайлоосуна баруучу унаа жолдун 3-көпүрөсүнөн өтүп бара жаткан учурда карагайдан салынган көпүрө сынып кетип, Жол тейлөө ишканасынан кызматкери экскаватор унаасы менен сууга кулап каза болду. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Жерине саат 17:20да Каракол шаардык ӨКБдан 4 куткаруучу АСМ унаасы менен тартылган. Кошумча Жети-Өгүз райондук ӨКБдан 19 куткаруучу жана облустук суу чарба башкармалыгынан 1 кран унаасы тартылган. Саат 20:20да жүктөгүчтүн жардамы менен экскаватордун кабинасынан айдоочунун сөөгү чыгарылды. Ал 35 ЖТМнын 1977-жылы туулган кызматкери болгон.
Кечээ, 13-июнь күнү саат 18:00 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен Жети-Өгүз суусунун деңгээли көтөрүлүп, 3 турак үйдү суу каптап кетүү, Көк-Жайык жайлоосуна баруучу Конкин — Жети-Өгүз — Телти унаа жолунун 39-чакырымында жайгашкан №4 көпүрөөнү агызып кетүү коркунучу жаралган. Бекемдөө иштерин жүргүзүүгө №35 ЖТИден 1 экскаватор, 1 Хово, жайыт комитетинен 1 жүктөгүч тартылган.