Жети-Өгүздө оодарылып калган унаада аял киши көз жумду

иллюстрация

Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун 205-чакырымында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. 

Маалыматка караганда, Ауди-80 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 1 аял киши каза болуп, 1 эркек киши жаракат алган. Куткаруучулар жабыркаган жаранды Тез жардам кызматына өткөрүп беришти.